Мамбетакунов билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

4 октября 2022, 15:31

Уланбек Мамбетакунов билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.  Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамбетакуновду министрликтин жамааты менен тааныштырды.

Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы жетекчиси билим берүү тармагында башталган реформаларды логикалык жыйынтыкка алып келүүсү зарылдыгын белгиледи.

"Билим берүүнү реформалоо - бул социалдык муктаждык, ал чындап эле алынган билимдин сапатын жогорулатып, педагогикалык жамааттын билимин жана квалификациясын эл аралык деңгээлге көтөрүшү керек. Бул биринчи кезектеги милдет", - деп айтылат маалыматта.