Мамбюджеттин чыгашасы 128 млрд сомду түзгөн

29 декабря 2020, 11:09

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында мамлекеттик бюджеттин чыгашасы 127.9 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады. 

 

 

Чыгашанын басымдуу бөлүгү мамкызматкерлердин эмге акысына - 54.8 млрд сом жумшалган. Товар жана кызматтар үчүн 13 млрд сом бөлүнгөн. Грант жана взносторго 32.4 млрд сом каралган. 

 

Социалдык фондко каралган чегерүүлөр 20.4 млрд сомго, ал эми Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна бөлүнгөн каражат  12 млрд сомго жеткен.