Мамкаттоо кызматынын бардык бөлүмдөрү штаттык режимде иштей башташат
Калкы тейлөө борбору, «Унаа» мекемеси, «Кыргызпочтасы» ишканасы жана архив бөлүмдөрү 12-октябрдан тарта штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Ошондой эле жарандар саат 09:00дөн 18:00гө чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын «119» кол-борбору аркылуу кеп-кеңеш ала алат.
Эскерте кетсек, 9-октябрда Бишкектеги каттоо кызматынын бөлүмдөрү калаадагы акыркы кырдаалга байланыштуу убактылуу жабылган.