Мамкызматкерлер үчүн мүлк салыгы боюнча эсеп берүүнүн мөөнөтү аяктоодо

29 марта 2023, 09:54

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар 1-апрелге чейин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерди толтуруу жана салык органына тапшырышы керек. Бул тууралуу  Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Мындан тышкары, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, 1-майга чейин жеке жактар мүлк (транспорт, турак же турак эмес жай, жер) салыгы боюнча маалыматтык эсептерди берүүгө тийиш.

Маалыматтык эсепти өз убагында бербегендиги үчүн жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.