Маммүлктү башкаруу фонду 600гө жакын ижарачыны акы төлөөдөн бошотту
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ижарачыны акы төлөөдөн бошотту. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалат.
Жалпысынан 33 млн 923 миң карыз кечирилген. Анын ичинен Оштогу «Эврика» бала бакчасы 1 млн 285 миң сом карызынан бошотулду.
Эске сала кетсек, аталган фондко жакында эле мурунку вице-спикер Мирлан Бакиров жетекчи болуп дайындалган.