Мамлекетке 2,2 млн сом зыян келтирген «Кадастр» ишканасынын кызматкери кармалды

12 февраля 2021, 12:15

Мамлекетке 2,2 млн сомдон ашык зыян келтирген «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, директор Т.А.К., жетектөөчү адис М.Р.А. менен жен учунан сүйлөшүп алышып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуп, жабык акционердик коомдун директорлорунун бирине жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны мыйзамсыз даярдашканы аныкталды. Мунун кесепетинен мамлекетке 2,2 миллион сомдон ашык суммага зыян келтирилген.

Ошондой эле УКМК М.Р.А. жана Т.А.К. карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун башка фактылары боюнча 11 кылмыш иши тергелип жатат.