2019 - жылы жемкорлордон дээрлик 1 млрд сом мамлекетке кайтарылган

31 января 2020, 12:00

2019 - жылы Башкы прокуратура жемкорлукка каршы жүргүзгөн иштеринен улам, мамлекетке келтирилген зыяндын 1 млрд 79 млн 556 миң сому кайрадан бюджетке кайтарылган. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кайтарылган сумма 2018 - жылга салыштырмалуу 12,4% көп болгон. Андан сырткары, прокурорлор жүргүзгөн иштин жыйынтыгынын негизинде, республика боюнча 99 кыймылсыз  объект, жер аянттары, турак-жай жана турак-жай эмес объектилер мамлекеттин карамагына өткөн.Жыйынтыгында, түзүлгөн актынын негизинде мамлекетке 153 млн 487 миң сом кайтарылган.

Мыйзам бузуулар көп учурда мамлекетитик сатып алууларда жана жемкорлукка каршы мыйзам долбоорун сактоо учурунда катталган.