КР мамлекеттик карызынын 1,5 млрд доллары энергетика тармагына жумшалган

21 февраля 2020, 14:50

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,6 млрд долларды түзсө, анын 1,5 млрд доллары энергетика тармагына туура келет. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттиги билдирди.  

«Карыз 2020-жылдын 1-январына карата 106,4 млрд сомду түзөт. Аны кайтаруунун мөөнөттөрү, графиги бар. Ал 2042-жылга чейин созулат», - деп билдирген Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров. 

Ал белгилегендей, үч долбоорго эле 1 млрд доллар жумшалган. Алардын ичинде «Датка-Кемин», «Бишкек ЖЭБ» долбоору бар.