Мамлекеттик ипотекалык компания президенттин иш башкармалыгына өттү

14 марта 2024, 10:10

Мамлекеттик ипотекалык компания президенттин иш башкармалыгына өттү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин жакшыртуу үчүн кабыл алынган.

Аталган компания буга чейин Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында болчу.