Мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси 1 млрд сомду түздү

24 мая 2023, 16:13

Быйыл биринчи кварталда мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси 1 млрд. 157 млн. ​​660 миң сомду түздү. Ал эми  2022-жылга карата таза киреше 2 млрд. 285 млн 838 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, былтыр жыл аягында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (мурдагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду) республикалык бюджетти 6,1 млрд. сомго толуктаган.  Бул сумма мамлекеттин катышуусу менен ачык акционердик коомдордун таза кирешесинен мамлекетке дивиденд катары төлөнгөн. 

Мамлекеттик имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн таза киреше:

  • 2022-жылга 147 млн. ​​сом;
  • 2023 -жылдын биринчи кварталында 61 млн. сомду түзгөн.