Мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттен 18,9 млрд. сом жумшалды

14 октября 2019, 17:50

2019-жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 18,9 миллиард сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мамлекеттик тышкы карыз боюнча — 10,6 миллиард, ички карыз боюнча — 8,3 миллиард сом жумшалды.

31-августка карата өлкөнүн тышкы, ички карызы 4 миллиард 469,22 миллион АКШ долларын түздү, анын ичинен:

- мамлекеттик тышкы карыз — 3 миллиард 761,91 миллион АКШ доллары,

- мамлекеттик ички карыз — 707,32 миллион АКШ доллары.