Мамлекеттик карызды жабуу үчүн 8 ай ичинде бюджеттен 20 млрд сом бөлүнгөн

7 сентября 2020, 09:05

КР финансы министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттик карызды төлөө үчүн үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында республикалык бюджеттен жалпысынан 20 млрд 40.4 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалат. 

 

 

Мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө 8 млрд 852 млн сом жумшалган. Ошол эле учурда ички карызды жабууга 11 млрд 188 млн сом бөлүнгөн. 

 

Кошумчалай кетсек, мамлекеттик карыздын көлөмү бир ай ичинде 7.5 млрд сомго жогорулаган.