Мамлекеттик карызды төлөөгө 33,6 млрд сом бөлүндү

12 января 2023, 17:39

Былтыркы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн тышкы жана ички мамлекеттик карызын төлөөгө 33 млрд 606 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Ага ылайык, төлөмдөрдүн эң көп көлөмү тышкы карызга туура келип, ал 22 млрд 113 млн сомду түздү. Бул Кыргызстандын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. 

Ал эми ички карыз боюнча төлөмдөр 11 млрд 493 млн сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, мамлекеттик карызды тейлөө бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.