Мамлекеттик карызды төлөөгө 10 айда 35,8 млрд сом сарпталды

13 ноября 2023, 10:45

Быйыл январь айынан октябрга чейин Кыргызстандын мамлекеттик тышкы жана ички карызын тейлөөгө 35 млрд 771,7 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Каражаттын басымдуу бөлүгү, 26 млрд 285,1 млн сому тышкы карызды тейлөөгө жумшалган. Анын 20,5 млрд сому негизги карызды, дагы 5,7 млрд сому пайыздарды төлөөгө кеткен.

Ошол эле учурда Кыргызстан ички карызын жабууга 9 млрд 486,6 млн сом бөлгөн. Кызыгы, ички карыз алуу жагынан республика, тескерисинче, пайыздарды жабууга көбүрөөк — 5,23 млрд сом, ал эми негизги карызга — 4,26 млрд сом жумшайт.