Мамкызматтагы дарыгерлердин орточо маянасы 23 миң сомду түзөт

4 апреля 2024, 13:31

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында медицина кызматкерлеринин айлык акысын билдирди.

Анын айтымында, административдик бөлүмдүн кызматкерлеринин орточо айлык маянасы 2020-жылы 9,6 миң сом, 2021-жылы 14,4 миң сом, 2022-жылы 14,6 миң сом жана 2023-жылы 20,2 миң сомду түздү. 

Быйыл дарыгерлердин орточо айлык акысы – 23,5 миң сом, орто звенодогу дарыгерлердики - 19,1 миң сом жана төмөнкү звенодогу дарыгерлер - 13,6 миң сом алышат.