Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонду бензин сатып алууга тендер жарыялады

18 января 2023, 13:42

Социалдык фондго караштуу Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондусу 201600 сомго АИ-95 үлгүсүндө күйүүчү май сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Тендерге катышуучулар 2023-жылдын 25-январында саат 17:00дөн кечиктирбестен Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу конкурстук табыштамаларды электрондук түрдө тапшырышы керек. 

Тендерди уткан тарап келишимге кол коюлган күндөн тартып бир жыл ичинде АИ-95 үлгүсүндө күйүүчү майды мекемеге жеткирип турууга милдеттүү.