Мамлекеттик ЖОЖдорду өнүктүрүүгө 25 млн доллар карыз алынат

16 января 2024, 09:25

Кыргызстан мамлекеттик ЖОЖдорду өнүктүрүүгө 25 млн доллар карыз алууну пландоодо.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, долбоор өлкөдө өзгөчө макамы бар 5 окуу жайдын техникалык базасын чыңдоо максатын көздөйт. Тагыраагы, ЖОЖдордо илимий изилдөө хабдарды түзүү каралууда. Анын алкагында университеттерге лабораториялык жабдыктар сатылып алынат.

Карызды Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы берет.