Мамлекеттин баалуу кагаздар линиясы боюнча карызы 48 млрд сомду түзөт

9 ноября 2020, 11:30

Үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрына карата өкмөттүн мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарына болгон милдеттенмелери 48 млрд 182 млн 562.4 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Бюджетке акча тартуу үчүн бийлик, жалпы көлөмдөн 38.23% туура келген 7 жылдык МБК колдонгон. 

Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери мамлекет бюджетке баалуу кагаздардын эсебинен 5 млрд 268.8 млн сом тарткан. 

Эске сала кетсек, 5 жылдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча 6-ноябрда өтүүчү аукцион талаптын жоктугунан улам өтпөй калган. Баалуу кагаздардын эсебинен бюджетке 400 млн сом тартуу пландалган.