Маммүлктү башкаруу агенттигинин директору кызматтан бошотулду

22 января 2024, 15:38

Канатбек Тургунбеков Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Тургунбеков Канатбек Тургунбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Канатбек Тургунбеков жогорудагы кызматка 2023-жылдын февралында дайындалган.