Мамытбеков: мал жайыттары жылдан жылга түшүмдүүлүгүн жоготууда

2 декабря 2022, 11:35

Айыл чарба министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору Максатбек Мамытбеков Кыргызстанда жайыт жерлеринин түшүмдүүлүгү жыл өткөн сайын төмөндөп баратканына кайрадан токтолду. Бул тууралуу ал “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында билдирди. 

“Табигый жайыттар тоюттун эң ири жана эң арзан булагы болуп келген жана боло бермекчи. Бирок жыл сайын мал жайыттар көп колдонулгандыктан, жайыт комитети тарабынан жайыттардын абалын жакшыртуу боюнча жетиштүү чаралар көрүлбөгөндүктөн өлкө аймагында жайыттардын түшүмдүүлүгү жылдан жылга деградацияланып баратат”, - деп чочулоодо Мамытбеков. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жайыттары 9 миллион гектардан ашык аянтты ээлейт, анын 1 миллион 600 миң гектарга жакынын отоо чөп басып кеткен.