«Манас» аэропортунун директору болуп кайрадан Бакыт Шаршеев шайланды

27 апреля 2022, 09:00

“Манас» эл аралык аэропорту” ААКнын директорлор кеңеши компаниянын Башкармалыгынын курамын шайлады. Ага ылайык, башкармалыктын төрагасы – башкы директор болуп кайрадан Бакыт Шаршеев шайланды. Бул тууралуу аба майдандын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Эске салсак, ал бул кызматка бир 2021-жылдын февралында дайындалган.

Ошондой эле кеңештин мүчөлөрү болуп: Адилет Малдыбаев, Абдумалик Бусурманкулов, Данияр Кысанов жана Бахтияр Турсунбаев шайланды.