“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкери пара менен кармалды

18 марта 2022, 14:25

“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 17-мартта УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (“Опузалап пара алуу”) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө чек ара кызматынын кызматкери, ага лейтенант К.К.К кармалган.

"Кармалган жаран Бишкек шаарында Кытай жаранынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып үч миң доллар өлчөмүндө акча талап кылып, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен колго түшкөн",- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.