«Манас» бажысы 6,1 млн сомдук белгилүү бренддерди алып кирүүнү бөгөттөдү

29 марта 2023, 11:00

“Манас” аэропортунун аэробекет комплексинде жүргүнчүлөргө бажы көзөмөлдөө жүргүзүүдө контрабандалык товарларды алып өтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунун келүү зонасында  Кыргызстандын жараны “А.А.М.” жалпы таза салмагы 51,70 гр. болгон, сары жана ак түстөгү металлдан жасалган зер буюмдарын бажы көзөмөлүнөн жашыруу фактысы боюнча кармалган.

“А.А.М. жаранынын коштоочу жүгүндө 3 даана “Rolex” кол сааттары, товардык маркасы жок 2 даана кол сааттар, ошондой эле кийимдердин, бут кийимдердин, сумкалардын ассортименти аныкталган. Бул товарлар Бишкектеги “A.M.” интернет-дүкөнүндө сатуу үчүн арналган. Кармалган товарлардын орточо базар баасы Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын актысына ылайык 6,1 млн сомду түздү”, - деп айтылат маалыматта. 

Аталган мыйзам бузуу фактысы белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.