«Манас» эл аралык аэропортунда жаңы VIP-зал курулууда

15 марта 2024, 10:15

“Манас” эл аралык аэропортунда жаңы VIP-зал курулууда. Бул тууралуу аталган аба майдандан билдиришти.

Маалыматка ылайык, VIP-зал заманбап бардык шарттары, стерилдик зонасы жана жаңы жабдуулар менен камтылып, “Манас 2” имаратынын 2-кабатында орун алат.

Ал эми азыркы иштеп жаткан VIP-зал жергиликтүү каттамдар аткарылып жаткан имарат менен бириктирилет.