«Mанас» эл аралык аэропортунда жаңы каттамдар ачылууда

29 сентября 2023, 09:45

“Манас” эл аралык аэропортунда жаңы каттамдар ачылууда.

Аба майдандын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2-октябрдан тарта Шарм-эш-Шейх – Бишкек каттамы ишке кирет. Чартердик кышкы рейстер дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү аткарылат.

Андан тышкары, 30-октябрдан 30-мартка чейин вьетнамдык лоукостер Нячанг шаарынан Бишкекке учуучуларды ишке ашырат. Бул багыт боюнча каалоочулар шейшемби күндөрү уча алат.