«Манас эл аралык аэропортуна» ким жетекчи болот?

10 июня 2019, 13:00

«Манас эл аралык аэропорту»  ачык акционердик коомуна президент болуп  Мурат Примбердиев дайындалабы? «Манас» аэрортунун басма сөз кызматы тастыктап же жокко чыгарган жок. 

Маалыматка ылайык, Мурат Примбердиев кызматка ишкана өнөктөштөрүнүн көпчүлүк колдоосу менен келүүдө деп билдирген slon.kg маалымат агентиги. 

Буга чейин аталган кызматты Нурлан Акматов аркалап келген. Ал Кыргызстандагы Евразия экономикалык комиссиянын жаңы мүчөсү (бажыны жөнгө салуучу министр) болуп дайындалды.