«Манас» театрынын жаңы имаратынын курулушу аяктайт

29 марта 2024, 16:17

Бишкектеги “Манас” эпикалык улуттук театрынын курулушу аяктоо алдында турат. 

Театрдын директору Азиз Биймырза уулунун айтымында, анын ачылышы быйыл жазында болот. Жаңы имараттын курулушу 2022-жылдын жайында башталган.

Эки кабаттуу объекттин жалпы аянты 1 миң 600 чарчы метрди түзөт. Имаратта театрдын чыгармачыл жамаатынын ынгайлуулугу үчүн зарыл болгон нерселердин баары бар. 

"Долбоордун сметалык баасы 65 млн сомду түзгөн. Мындан тышкары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кошумча 22 млн сом бөлгөн", - деп айтылат маалыматта.