Уй тукумун жакшыртуу үчүн Кыргызстанга 17 миллион доллар бөлүнөт

15 июня 2021, 13:00

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Ысык-Көл, Нарын жана Талас аймактарында уйлардын тукумун жакшыртуу жана сүт өндүрүүнү көбөйтүү үчүн 17 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Каражаттын бир бөлүгү жеңилдетилген насыя, бир бөлүгү грант. Насыя 38 жылга 0,75% үстөк менен берилет. Пилоттук долбоор Ысык-Көл облусунда ишке ашырылды. Бул келишимге ылайык, 10 миң дыйкан үч жылдык мөөнөткө 1,5 миң доллар насыя алышат.

Бир катар депутаттар мындай долбоорду башка аймактарда дагы ишке ашыруу керектигин айтышты. Профилдик комитеттин төрагасы Эмил Токтошев бул келишимди кабыл алуу процедурасын тездетүү керектигин белгиледи.