Марипов министрлер кабинетинин башчысы кызматынан бошотулду
Улукбек Марипов Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Мамлекет башчысынын экинчи жарлыгына ылайык, Акылбек Жапаров минкабдын төрагасынын милдетин аткаруучу - президенттик администрациянын башчысы болуп дайындалды.