Марипов тышкы менеджерди «Кумтөр» кенинин эмгек жамаатына тааныштырды

19 мая 2021, 09:02

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Кумтөр» кен ишканасынын эмгек жамааты менен жолугушуп, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырды.

Кабинеттин башчысы ошондой эле кен жумушчуларынын социалдык төлөмдөрдү сактоо, эмгек акы жана ишкананын келечеги жөнүндө суроолоруна жооп берди.

"Шахта токтотулбайт жана кадимки режимде иштей берет. Кызматкерлер тийиштүү төлөмдөрүн ала беришет, кыскартуу жөнүндө сөз жок. Биздин негизги максатыбыз - жөнөкөй жарандардын жашоосун жакшыртуу. Биз буга ачык жана таза иштөө менен гана жетише алабыз", - деди Марипов.

Эске сала кетсек, Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын сырттан башкаруучу кызматына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сунушу менен дайындалган.