«Маркетплейс» финансылык платформасынын операторун түзүү талкууланды

4 февраля 2022, 09:21

 Улуттук банкында «Кыргызстан банктарынын союзу» ЮЖБнын жана Кыргызстандын коммерциялык банктарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен тегерек стол болуп өттү. Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чарада Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын жана Кыргызстанда санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү боюнча 2020-2022-жылдарга каралган концепциясын аткаруу максатында, «маркетплейс» финансылык платформасын ишке ашыруу долбоору талкууланды.

Тегерек столдун жүрүшүндө «Кыргызстан банктарынын союзу» ЮЖБ тарабынан «Fin Market» («маркетплейс») финансылык платформасынын презентациясы сунушталып, «маркетплейс» финансылык платформасынын операторун түзүү, ачык программалык интерфейстерди (API) колдонуу, катышуучулар жана колдонуучулар менен өз ара иш алып баруу маселелери талкууланды.