Арабдар Кыргызстанда күн электр станцияларын курууга кызыктар

6 сентября 2021, 09:14

БАЭден келген MASDAR компаниясы Кыргызстанда күн электр станцияларын курууга инвестиция кылууга кызыкдар. Бул тууралуу компаниянын өкүлдөрү Энергетика министрлиги менен болгон жолугушууда билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө БАЭ өкүлдөрү Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча потенциалы жогору экенин белгилешти. Ошондой эле MASDAR күн электр станцияларына инвестиция тартууга кызыкдар экени белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн энергетика министрликтеринин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу сунушталды. Учурда тараптар документтин долбоорун даярдоонун үстүндө иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, бул компания Өзбекстанда күн электр станциясынын курулушуна 110 миң доллар инвестиция салган.