Матраимовдун эсепке которгон акчасы 1.2 млрд сомду түздү

21 декабря 2020, 14:00

18-декабрга карата Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке 1.2 млрд сом которду. Бул тууралуу Борбордук казынадан маалымдашты. 

 

 

Ушул жылдын 20-октябрында Райымбек Матраимов коррупция фактысы боюнча кармалган. Бирок ошол эле күнү сот аны эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон. УКМКдан билдиришкендей, Матраимов мамлекетке келтирген чыгымдын көлөмү, тергөө боюнча  2 млрд сомду түзгөн. 

 

Азыркы учурда, Борбордук казынанын маалыматына ылайык, Матраимов эсепке 1 млрд 224 млн сом которгон. 

 

Кошумчалай кетсек, которулган сумма келтирлген чыгымдын 61% түзөт.