Матраимов менен Көлбаевге байланышкан 202 мамкызматкер иштен алынат

3 ноября 2023, 09:25

Кыргызстанда Райымбек Матраимов жана Камчы Көлбаевге тиешеси бар 202 мамлекеттик кызматкер аныкталды. Алардын баары уюшкан кылмыштуу топко, криминалдык элементтерге жана коррупцияга байланыштуу кызматынан бошотулат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөтүлөт.

"Мамлекеттик органдарда тазалоо жүрүп жатат. Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү айыл өкмөттүн, райондук администрациянын, министрликтин кызматкерлери болбошу керек. Түздөн-түз милдетибиз аларды жоопкерчиликке тартуу", - деди Ташиев.