ӨКМ үй шартындагы өсүмдүктөргө кам көрүүгө 130 миң сомдон ашык жумшайт

1 июня 2023, 12:07

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үй шартындагы өсүмдүктөрдү күтүү жана кам көрүүгө тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды.

Тендердин жалпы суммасы 131 миң 250 сомду түзөт.

Тендердеги талаптардын арасында төмөнкү пункттар белгиленет:

  • жума сайын (жумасына эки жолу) өсүмдүктөрдүн жана топурактын абалына мониторинг жүргүзүү;
  • кызматкерлердин офистеринде турган өсүмдүктөр боюнча кеңеш берүү.