Медакадемия 11 млн сомго спорт аянтчасын курат

26 июля 2021, 11:00

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы универсалдуу спорт аянтчасын курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 11 миллион сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, келишим түзүлгөн күндөн баштап жумуштун аткарылышына эки ай убакыт берилет.