Үч облустагы медицина кызматкерлерине 19 млн 180 миң сом компенсация төлөнүп берилген

15 февраля 2021, 09:50

Январда үч облустагы медицина кызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрүнө  19 млн 180 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан маалымдашты. 

 

Январда 1 миң 343 медицина кызматкерлери өздөрүнүн компенсациялык төлөмдөрүн алышкан. Анын ичинен: 

  • Ош облусунан 885 медицина кызматкери, 
  • Нарын облусунан  256 медицина кызматкери,
  • Талас облусунун  202 медицина кызматкери.

Кошумчалай кетсек, Ош облусу боюнча төлөмдөр 100% толугу менен жүргүзүлгөн.