Ыссык-Көл облустук медицина кызматкерлерине 19.6 млн сомго компенсация төлөнүп берилди

25 января 2021, 12:00

Медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан декабрда Ыссык-Көлдөгү медицина кызматкерлери үчүн 19 млн 662 миң сомго компенсациялык төлөм жүргүзүлгөн. Бул тууралуу фонддон маалымдашты. 

 

 

Жалпысынан 240 медицина кызматкерлерине 4 млн 825 миң сомго компенсация төлөнүп берилген. 

Эске сала кетсек, 2020-жылы медицина кызматкерлердин эмгек акысына 5.7 млрд сом бөлүнгөн.