Жалал-Абад облусунун дарыгерлери июнь айы үчүн кенемте алышты

23 июля 2021, 15:00

Жалал-Абад облусунун дарыгерлери ушул жылдын июнь айына компенсациялык төлөмдөрдү алышты. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтында маалымдалды.

Кенемтенин жалпы суммасы 8 миллион 112 миң сомду түздү. Каражатты жалпысынан 14 саламаттык сактоо уюмунун 578 медициналык кызматкери алды.

Кошумчалай кетсек, төлөмдөрдүн көпчүлүгү жалпы медициналык практика борборуна жөнөтүлдү. Анын алкагында, 407 медицина кызматкерине 5 миллион 23 миң сом төлөндү.