Медкызматкерлерге COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүү милдеттендирилди

29 июня 2021, 16:00

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги медицина кызматкерлерин коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн милдеттүү түрдө өтүүсү боюнча токтом чыгарды. Документтин сүрөтүн Интернетке далилдүү медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова чыгарды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен Оорулардын алдын алуу департаментине Республикалык иммунопрофилактика борбору менен биргеликте медицина кызматкерлерин милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүү, ошондой эле эмдөөдөн кийинки абалдын мониторингин уюштуруу тапшырылды.

Учурда өлкөдө 500гө жакын дарыгер коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Бир суткада болсо, медицина кызматкерлери арасында вирус жуккан 27 жаңы учур катталган.