Коронавирус катталган аймакта иштеген медиктерге эки эсе айлык төлөнөт

23 марта 2020, 12:20

Обсервацияларда изилдөө жүргүзүүчү-дарыгерлер, жугуштуу оорулар-дарыгерлери, медайымдар, ошондой эле жууп-тазалоо жана дезинфекция иштерин жүргүзүү үчүн кенже медициналык кызматкерлер иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө эпидемиологиялык фонддон бардыгына кыдыруучу чыгымдар жана кошумча убакыт иштегендиги үчүн акча төлөндү. «Ошондой эле коронавирус катталган аймакта иштеген медиктерге эки эсе айлык төлөнөт. 1 күн иштегендиги үчүн 2 күндүк маяна төлөө боюнча маселе каралып жатат. Эсептер даярдалды»,- деп кошумчалады ал.