Медкызматкерлерге июлда 396 млн сомдон ашык компенсация төлөндү

4 августа 2020, 15:36

Милдеттүү  медициналык камсыздандыруу фонду июль айындагы  медиктердин компенсациялык төлөмдөрү боюнча маалымат берди.

Июлда төлөнгөн компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасы - 396 миллион 60 миң сомду түздү.​

ММК фонду тарабынан коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө тартылган саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине берилген компенсациялык төлөмдөр облустар боюнча төмөндөгүдөй:

Бишкек – 3469 медкызматкерге  103 млн 5835 миң сом төлөнгөн;

Талас облусу - 11 саламаттык сактоо мекемесинин 889 кызматкерлерине 15 млн 274  сом төлөнгөн;

Ош шаары жана Ош облусу - 31 медкызматкерге  72 млн 451  миң  881 сом төлөнгөн;

Нарын облусу – 12 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 20 млн сом төлөнүп берилген;

Ысык-Көл облусу – 28 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 36 млн 505 миң 397 сом төлөнгөн;

Баткен облусу – 16 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 15 млн 496 миң сом төлөнгөн;

Чүй облусу - 24 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 38 млн 915 миң 700 сом төлөнгөн;

Жалал-Абад облусу  - 31 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 36 млн 080 миң сом төлөнгөн.