Бир ай ичинде доллардын сомго карата курсу 1.19% жогорулады

24 августа 2020, 11:22

24-июлдан тарта 24-августка чейин АКШ долларынын сомго карата официалдуу курсу 1.45 сомго жогорулап, 77.94 сомду түздү. Бул маалыматты Улуттук банк билдирди. 

 

Муну менен катар коммерциялык банктар долларды 78.1 сом менен сатышууда. Ал эми сатып алуунун суммасы - 77.9 сомду түздү. 

15-17-август күндөрү доллардын курсу  максималдуу деңгээлде көтөрүлгөн. Кошумчалай кетсек, бул убакыт аралыгында рублдун сомго карата курсу 2.42% төмөндөп, евро жана казак теңгеси 3.84% жана 0.43% жогорулаган.