Чүй облусунун саламаттык сактоо кызматкерлерине 21,9 млн сом кенемте төлөндү

29 июня 2021, 11:00

Май айында COVID-19 илдетин дарылоого катышкан Чүй облусунун саламаттык сактоо кызматкерлерине жалпысынан 21 миллион 903 миң сом компенсация төлөнгөн. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматына ылайык, каражатты 930 медицина кызматкерлери алышкан.

Коронавируска каршы күрөшүүгө негизинен Жайыл районундагы медициналык кызматкерлер тартылган (154 дарыгер), алардын компенсациялык төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 3 миллион 925 миң сомду түздү.

Ошондой эле илдетке каршы жалпы практикалык борборлордун дарыгерлери, 818 адам олуттуу салым кошуп жаткандыгы белгиленди.