MEGA «Евразия сактык банкынын» акцияларынын бир бөлүгүн сатты

16 марта 2023, 11:00

“Евразия сактык банкы” баалуу кагаздардын ээлеринин акциялары өзгөргөнүн билдирди. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Тактап айтканда, 10-мартта "Альфа Телеком" ЖАКнын (MEGA соода маркасы) акционеринен "Борбордук депозитарий" ЖАКтын номиналдык ээлигине 400 даана жөнөкөй аталыштагы акциялары же уставдык капиталдын 0,0027%ы чегерилгени маалымдалган. Баалуу кагаздардын жалпы баасы 8 миң сомду түздү.

Ошол эле күнү бул акциялар үч жеке адамга: 100 акция (0,0007%) эки адамга 2 миң сомго жана дагы 200 акция (0,0013%) бир адамга 4 миң сомго сатылган. Ар бир акциянын баасы 21 сом.

Бүтүм жасалгандан кийин "Альфа Телеком" ЖАКка тиешелүү акциялардын саны 1 млн 413 миң 84 акцияны түзүп, уставдык капиталдагы үлүшү 9,42056%ды түздү.