MegaPay тиркемеси менен беш өлкөнүн карталарына ыкчам акча которуулар

8 декабря 2021, 15:50

MegaPay тиркемесиндеги Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Украинанын банк карталарына акчаны бат жана оңой которуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз.

Муну кантип ишке ашырса болот?

  • Google Play же App Store’дон MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылаңыз;
  • «Акча которуулар» бөлүмүнө өтүңүз, андан кийин акча которула турган өлкөнү жана банкты тандаңыз;
  • сумманы, алуучунун реквизиттерин жазыңыз жана төлөмдү тастыктаңыз.

Каражат картага өтө тез убакта түшөт.

Тиркемеде акча которуулар төмөнкү жактарга жеткиликтүү:

  • Украина, Тажикстандын банк карталарына («AlifBank’тан Корти Милли) жана Өзбекстанга (HUMO жана UzCard): комиссия – 0 сом;
  • Россия менен Казакстандын банктарынын Visa жана MasterCard’тарына. Комиссия – сумманын 2%.

Эске салсак, Кыргызстандын Улуттук Банкынын талабына ылайык, эл аралык акча которууларды мобилдик капчыктардын идентификациядан өткөн гана колдонуучулары жүргүзө алат. Идентификациядан өтүү үчүн MegaCom’дун каалаган Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылсаңыздар болот.