Жемкорлордон өндүрүлгөн каражатка 15 мектеп курулат

20 декабря 2019, 15:00

Кыргызстанда Бирдиктүү депозиттик эсептен 15 мектеп курууга 799 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Эркин Абдыразаков билдирди.

Анын айтымында, бул акчага Бишкекте жети, Чүйдө жети, Ош облусунда бир мектеп курулат.

Депозиттик эсеп 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

2018-жылкы расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 202 мектептин имараты жараксыз деп табылган. Тартыштыкты чечүү үчүн өлкө аймагына 600гө жакын мектеп салынышы керек. Айрым кыштактарда турак жайлар, чатырлар мектеп катары колдонулуп келет.