Мектеп директорлорунун айлыгын 50%га көтөрүү каралууда

6 марта 2023, 14:36

Мектеп директорлорунун айлыгын 50%га көтөрүү пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору өкмөттүн чечимин күтүүдө. Бул тууралуу “Акчабарга” Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилей кетсек, азырынча документке кол коюла элек. Мектеп директорлорунун айлыгы качан көтөрүлө турганы белгилене элек. 

“Былтыр айлык акы 50%га көтөрүлгөн, быйыл дагы 50%га көтөрүү сунушталууда. Ошондо жалпы 100%га көтөрүлгөн болот. Мектеп директорлорунун эмгек акысы көтөрүлө турган болсо, орточо айлык маяналары 17 миң сомдон 26 миң сомго чейин болуп калат. Бул сумма тажрыйбаларына жараша көбүрөөк болушу мүмкүн”, - деди министрликтен.