Мектеп окуучулары 8-апрелден тарта дистанттык түрдө окуй башташат

30 марта 2020, 15:00

Мектеп окуучулары 8-апрелден тарта дистанттык түрдө окууну башташат. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. 

Белгиленгендей, окуу материалдары үч телеканал аркылуу көрсөтүлүп турат: 

— 1-4 класстарга чейин  ЭЛТР жана «Баластан» телеканалдары аркылуу;

— министрликтин учурда иштелдип жаткан жаңы окуу программасы; 

— «Мега 24» тиркемеси аркылуу. 

MegaCom  ар бир мугалим жана окуучуларга сим-карта берүүнү пландаштырып жатат. Учурда сим-карталарды жеткирүу маселеси каралып жатат. Бул сим-карталар аркылуу тиркемеге катталып, баланста эч кандай бирдик жок болсо деле окуй берсе болот.