Мелис Сатыбалдиев Коопсуздук Кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болду
Мелис Сатыбалдиев Коопсуздук Кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал буга чейин Коргоо министрлигинин алдындагы Улуттук гвардиянын командачысы болуп 2016-жылдын май айына чейин иштеген. Андан кийин, анын эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө ачык булактарда маалымат жок.